Чикагодогу Башкы консулдукта мушкер Мыктыбек Оролбай уулу менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Чикаго шаарындагы башкы консулу Болотбек Борбиев UFC мушкери Оролбай уулу Мыктыбек жана кыргыз жарандарынын арасынан чыккан NAGAнын (Түндүк Америка Грепплинг ассоциациясы) чемпиондору менен жолугушту.

Башкы консул спортчуларды жылуу тосуп алып, Мыктыбек Оролбай уулун Рио-де-Жанейродо өткөн кармашта кезектеги жеңиши менен жеке куттуктап, ошондой эле Чикагодо өткөн грэпплинг боюнча мелдештеги жеңиштери менен жалпы спортчуларды куттуктады.

Аларга кыргыз спортуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирдип, профессионалдык карьерасында мындан аркы ийгиликтерди каалап, кыргыз спортчуларынын дүйнөлүк аренадагы жетишкендиктери маанилүү экенин белгиледи.

Спорчулар жолугушуу жылуу маанайда өткөнүнө жана башкы консулдун жана бүткүл кыргыз элинин колдоосуна ыраазычылык айтышып, Кыргызстандын атын дүйнөлүк спорт аренасында даңазалоого болгон умтулууларын жана жаңы ийгиликтерге жетүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоо ниеттерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий