• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР менен Өзбекстандын ТИМ башчылары жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 22.07.18. /Кабар/. Кечээ, Борбор Азия тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин алкагында Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев жана Абдулазиз Камилов жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар КР президентинин Өзбекстанга болгон расмий сапарында (2017-жылдын 13-14-декабрь күндөрү, Ташкент шаары) макулдашылган келишимдерди ишке ашыруу, Өзбекстандын башчысы Ш.Мирзиёевдин түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитине катышуунун алкагында (2018-жыл 3-сентябрь, Чолпон-Ата шаары) Кыргызстанга боло турган сапары талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек алакаларын жакшыртуу, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы маселелер каралды.

Андан тышкары министрлер эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана аны өнүктүрүүнүн келечегин жана 2018-жылга пландалган негизги иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселесин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий