• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Татарстанда өткөн съездге катышты

Коом 0

Бишкек, 22.07.18. /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Татарстан Республикасынын Болгар шаарындагы Болгар Ислам Академиясынын жыйындар залында өткөн "Изге Болгар жыены" аттуу майрамдык иш чарасына катышты. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, саамалык Болгарлардын Ислам динин расмий кабыл алуу күнүнө арналып, майрамдык салтанаттын урматына карата уюштурулган съездге Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов, Татарстандын Мамлекеттик Кеңешчиси Минтимер Шаймиев, Татарстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Камиль Искандерович Самигуллин жана Казакстан, Өзбекстан, Дагестан, Орусия мусулмандарынын дин башкармалыктарынын өкүлдөрү катышышты.

Тш-чараны Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов ачып, келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.

“Биз динибиздин баалуулуктарын коргоп, ошону менен бирге элибиздин каада-салт, үрп-адаттарын баалашыбыз керек. Салттуу Ислам динин өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн колдонгондор бар. Ошондуктан биз билим берүү, туризм, адал жашоо боюнча иш алып барганыбыз маанилүү. Бизде медресе, институттар жакшы иш алып баруусу керек жана мындай иш чаралардын өтүп туруусу маанилүү”-деди Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов.

“Жалпы катышуучулар өздөрүнүн майрамдык салтанатка арналган жылуу пикирлерин билдирип, бул иш-чара мамлекеттер ортосундагы достукту бекемдей тургандыгын айтышты”, -деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, “Изге Болгар жыены” 1995 жылдан бери Татарстан Республикасында расмий майрам катары белгиленип, коңшу мамлекеттерден бир катар коноктор чакырылып келет.

Пикир

Оставить комментарий