• 86.8
  • 91.27
  • 0.81

Чындык ким тарапта экенин эл өзү талдап алат – Садыр Жапаров

Президент 0

Акыркы учурда социалдык тармакта өлкө башчысын каралоого аракет кылган айрым маалыматтар тарап жатат. "Кабар" агенттиги президентке суроо узатып, бул тууралуу оюн укту.

— Саламатсызбы, урматтуу Садыр Нургожоевич буга чейинки маектериңизде биз сөз кыла турган адамдарга эч көңүл бурбайм жана жооп да бербейм дедиңиз эле. Бирок акыркы убакта болбой эле соцтармакта ар кыл талкуулар жүрүп жаткандан улам Сизге суроо менен кайрылууну туура көрдүк. Кеп камактагы Мелис Аспеков аттуу жарандын видео кайрылуулары тууралуу. Ушул боюнча Сиздин комментарий кандай?

Ооба, жооп да бербейм, көңүл да бурбайм дегем. Ар бир “үрүп чыккан иттерге” көңүл бура берсең жетчү жериңе жетпей каласың. Мамлекеттин иши менен алек болбой эле ар бир аферистке жооп берип олтурсам анда кантип мамлекетти саздан сууруп чыгам? Ошондуктан жолумдан “үрүп чыккан” анча-мынча “иттерге” көңүл бурбай, баш көтөрбөй иштей беришим керек. Жыйынтыгына эл жана тарых баа берет.

Элдин баарына 100 пайыз жакпайсың. Анча мынча терс сүйлөгөн адамдар сөзсүз болот. Жакшы иштерди көрүп турса да көргүсү келбегендер бар. Эң негизгиси көпчүлүк эл колдоп турса болду. Көздөгөн максатыбызга жетебиз. Дүйнө жүзү боюнча 30 өнүккөн өлкөнүн катарына кошулабыз.

— Саясат менен иши жок адамдар сөз кылса да “Ии, Аспековдун апыртмасына ишенип алыптыр” дейт элек, бирок белгилүү эле журналисттер Сабыр Муканбетов, Канышай Мамыркулова “Мамлекет башчыга көө жабылды, оор айып тагылды, Темиров менен Аспековдун айыптоолору ажого катуу тийди” деп комментарий беришүүдө. Чындап эле Сизге ушул билдирүүлөр катуу тийип жатабы?

Аспеков, Темиров дегендердин жалаалары мага чымын чаккандай да болбойт. Жооп да бербейм. Эмне кылам аларга убактымды коротуп, жооп берип. Чындык ким тарапта экенин эл өзү талдап алат.

Ал эми Канышай, Сабыр дегендериң алар “үрүп чыккан иттердин” бири. Аларга көңүл бурбай эле койгула. Алар мамлекетте болуп жаткан жакшылыктарды, өнүгүүнү көрө албаган кыргыз элинин душмандары. Тыштан каржыланган “котур ташы койнундагылар”. Алар өлкөдө ызы-чуу, башаламан болуп турса чөнтөгү кампайып, курсагы тоюп, көңүлү көтөрүлүп турган немелер.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий