• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Дүйнөнүн эң кооптуу шаарлары аныкталды

Дүйнө 0

Бишкек, 07.03.18. /Кабар/. "Коомдук коопсуздук жана кылмыш юстициясы боюнча жарандык кеңеш” мексикалык бейөкмөт уюмунун эксперттери 2017-жылдагы дүйнөнүн эң кооптуу шаарларынын рейтингин түзүштү.

Биринчи орунда мексикалык Лос-Кабос шаары, мында адам өлтүрүүлөрдүн деңгээли ар бир жүз миң адамга 11 учурдан туура келет. Экичи орунда Венесуэланын борбору Каракас. Дүйнөнүн эң кооптуу шаарларынын үчилтигин мексикалык Акапулько шаары жыйынтыктайт.

Жалпысынан рейтингге 50 шаар кирет, алардын көпчүлүгү Латын Америкасында жайгашкан. Тизмеде Бразилия (17 шаар) жана Мексиканын (12) өкүлдөрү көп.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий