• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Энергетика министрлиги: Өлкөдө электр энергиясын өчүрүү токтоду

Коом 0

Бишкек, 09.03.24./Кабар/. Кыргызстанда 8-марттан баштап электр жарыгын жөнгө салуу иш-чаралары токтотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон кабарлашкандай, анткени аба ырайынын жылышы менен электр энергиянын керектөөсү кыйла төмөндөгөн.

""Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2024-жылдын 8-мартында өлкөнүн энергетика системасында электр энергиясынын керектөөсү 61 млн 117 миң кВт. саатты түзгөн, өткөн күндөрү электр энергиянын орточо суткалык керектөөсү 70 млн кВт. с. чейин жеткен", — деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий