• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Финансы министрлиги Борбор Азия ЖОЖдорунун ректорлоруна 100 китеп белекке берди

Коом 0

Бишкек, 21.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкекте “Глобалдык чакырыктардын контекстинде Борбордук Азия университеттеринин трансформациясы” аталышындагы беш мамлекеттин окуу жайларынын ректорлорунун үчүнчү форуму өттү.

Аталган форумдун катышуучуларына Финансы министрлигинин атынан министрликтин 100 жылдык юбилейине карата басылып чыккан 100 даана китеп белекке берилди.

Китеп Кыргызстандын финансы системасынын 100 жылдык тарыхын камтыйт. Анда союз доорундагы финансылык структуралардан тартып көз карандысыздыкка жетишкенден кийинки реформаларга чейинки этаптар баяндалат.

Мааниси өлкөнүн экономикалык кыйынчылыктарды жеңүүдөгү тажрыйбасын, тышкы карыздар менен иштөөнү, санариптештирүү жана инновациялык инструменттер аркылуу финансылык эгемендүүлүктү бекемдөө аракеттерин чагылдырат.

Белгилей кетсек, китептин максаты — муундарга өткөн доордун сабактарын жана азыркы жетишкендиктерди жеткирүү, финансы тармагында жаңы доордун пайдубалын түшүндүрүү.

Пикир

Оставить комментарий