• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошко Новосибирсктен 175 жаран жана мекендештер жөнөткөн гуманитардык жардам келди

Коом 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Ош шаарына Новосибирсктен 175 жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бул каттам менен кыргызстандык кесиптештерине коронавирус жана пневмония ооруган бейтаптарды дарылоого жардам берүү үчүн ыктыярдуу түрдө 2 мекендеш - медицина кызматкери келген.

Ошондой эле бул каттам менен Россияда эмгектенген мекендештер жөнөткөн жалпы суммасы 198 миң рубль болгон медициналык дары-дармек жана каражат түрүндөгү гуманитардык жардам келген.

"Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий