• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Германияда абада учкан такси сыноодон өттү – видео

Дүйнө 0


Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. Германиянын Lilium компаниясы айдоочусу жок абада учкан беш орундуу таксини сунуштады, деп жазат Би-Би-Си.

Компаниянын маалыматы боюнча, аппарат ийгиликтүү сыноодон өттү: абага өз алдынча көтөрүлүп, бир нече убакыт калкып туруп, кайра конду.

Абада учкан аппарат 36 электр кыймылдаткычтары менен жабдыкталган бул анын тигинен учуп, кайра конуусуна мүмкүндүк берет.

Электрэнергия бир саатка жетет жана бул убакыттын ичинде аппарат 300 км жүрө алат.

Аппарат дагы бир нече тесттерден өтмөкчү.

Lilium компаниясы 2020-жылдын орто ченине чейин массалык өндүрүшкө өтүүнү пландоодо.

Эске салсак, азыркы учурда айдоочусу жок абада учкан аппараттарды Airbus жана Uber компаниялары тесттен өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий