• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ИИМде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу курсун бүтүргөндөр сыйланды

Коом 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Ички иштер министрилигинде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу курсун бүтүргөндөр сыйланды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин 2021-жылдагы 15-январындагы «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 2021-жылга карата түзүлгөн иш-мерчемди бекитүү жөнүндө» буйругун аткаруу максатында 1-ноябрда ИИМдин «Окуу курсун өткөрүү жөнүндө» тескемеси чыгарылып, анын негизинде ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмчөсүнүн демилгеси менен ИИМдин Академиясында Борбордук аппараттын кызматкерлерине «Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү» аталышындагы окуу курсу уюштурулган.

ИИМ Академиясынын тилге даярдык кафедрасында 2021-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин аталган окуу курска министрликтин Борбордук аппаратынын кызматкерлери катышып, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазуу сабаттуулугун өркүндөтүштү.

Бүгүн, 15-декабрда КР ИИМдин Мамлекеттик тил бөлмөсүндө курсту ийгиликтүү аяктаган кызматкерлерге тастыктамалар тапшырылды.

Тастыктамаларды тапшыруу аземине КР ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов катышып, курстан алган билимдерин иш тажрыйбаларында колдонуп, иш кагаздарды мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий