• 87.86
  • 93.94
  • 1

ИИМдин Академиясында кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болгон курсанттар эскерилди

Коом 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Академиясынын «Даӊк» мемориалынын алдында кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болгон курсанттар Вячеслав Шкрум, Никита Кущ жана Эдил Такырбашевди эскерүү-реквиеми болуп өттү. Бул тууралуу ИИМ Академиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чара «Даӊк» мемориалына гүл чамбарларын коюу жана мүнөттүк эскерүү менен башталды.

ИИМдин Академиясынын башчысы Т. Абитов эскерүү аземин ачып жатып, мекен үчүн өз өмүрлөрүн аябастан, кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болгон курсанттардын ата-энелерине ыраазычылык билдирди.

«Биз аларды эч качан унутпайбыз, алардын жаркын элестери ар дайым биздин жүрөгүбүздө сакталат. Алардын эл үчүн жасаган эрдиги өсүп келе жаткан жаш муундарга, өзгөчө таасир калтырды. Үлгү болушту. Биз алар менен сыймыктанабыз», –деп сөзүн жыйынтыктады.

Кущ Никитанын апасы - Кущ Лидия жана Эдил Такырбашевдин апасы – Атыргүл Бейшеева сөз сүйлөп, каза болгон курсанттардын элесин унуткарбай, эрдигин кийинки муундарга даңазалап жаткан ИИМдин Академиясынын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң ИИМдин ардагери милициянын отставкадагы генерал-майору Тилек Асаналиев сөз сүйлөп, ушулардай баатыр балдарды тарбиялаган ата-энесине
ыракматын айтып, «Балдарыңар өлгөн жок, татыктуу билими, тартиптүү жүрүм-туруму менен алардын көчүн улай турган кийинки муундар бар экенине ишенем», – деди.

Иш-чаранын соӊунда каза болгон курсанттардын жаркын элесине арналып ИИМдин Академиясынын жетекчилиги курсанттардын энелери менен биргеликте «Даңк» аллеясына бак отургузушуп, түштөндүрүү уюштурулуп, куран окутулду.

Пикир

Оставить комментарий