• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Караколдо №11 мектеп-гимназиясынын кошумча имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Бүгүн Каракол шаарынын №11 мектеп-гимназиясынын кошумча имаратынын ачылыш аземи өттү.

Каракол мэриясынын кабарлашкандай, иш-чарага шаардын биринчи вице-мэри Нуржигит Турсунбеков, президенттин Ысык-Кѳл облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Каракол шаардык кеңешинин депутаттары, мектеп администрациясы, коноктор, ата-энелер жана мектеп окуучулары катышты.

Каракол шаарынын мэриясынын сунушу, Каракол шаардык депутаттар кеңешинин чечими жана колдоосу менен жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, 270 окуучуга ылайыктуу имарат салынды.

Мектеп имараты башталгыч класстагы окуучуларга ылайыкталып салынган.

Пикир

Оставить комментарий