• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Касымалиев: Кыргызстан климаттык туруктуулукту жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга даяр

Өкмөт 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөн евразия мейкиндигиндеги климаттык күн тартиби маселеси боюнча семинар-дискуссиянын ишине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Семинардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары катышуучуларга климаттын терс таасирлерин чектөө жана азайтуу боюнча Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясат жөнүндө маалымат берип, республика тарабынан экология чөйрөсүндө көтөрүлгөн бир катар демилгелерди белгиледи.

«Өлкөбүздө 2022-жыл Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланып, анын алкагында «Жашыл мурас» улуттук кампаниясы башталган. Ошондой эле биздин өлкө 2030-жылга чейин парник газдарынын бөлүнүп чыгышын 44% кыскартуу жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү максатын койгон», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Адылбек Касымалиев Борбордук Азия чөлкөмүндөгү аномалдуу суук маселесине да токтолуп, Кыргыз Республикасында электр энергиясын керектөө жогорку чекке жеткенин белгиледи.

«Мындай шарттарда, ошондой эле мөңгүлөрдүн эрүүсүн, суу-энергетикалык ресурстардын кыскарышын эске алуу менен, Кыргыз Республикасы ириде гидроэнергетикада ресурс үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза технологияларды ишке киргизүү менен карбондук булактардан энергиянын кайра жаралуучу булактарына баскычтуу түрдө өтүүгө умтулууда», - деп белгиледи Адылбек Касымалиев жана республика чакан жана орто ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу ниети бар экендигин кошумчалады.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Биримдиктин мүчө мамлекеттери жана байкоочу мамлекеттери тарабынан экологиялык маселелерге комплекстүү мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи.

«Биздин алдыбызда экологиялык фактордун маанилүүлүгүн түшүнүү менен электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгуунун жана керектөөнүн кадимки схемаларын өзгөртүү милдети турат. Биримдиктин алкагында экологиялык жоопкерчиликтин принциптерин киргизүү зарыл. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө мамлекет катары аяр секторлордун климатка туруктуулугун жогорулатуу, аз көмүртектүү жана “жашыл” экономикага өтүү, энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана экологиялык транспорттун түрлөрүн пайдалануу, таштандыларды натыйжалуу башкаруу жана экологиялык жактан таза ар кандай технологияларды ишке киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда өнөктөштөрүбүз менен ар тараптуу кызматташууга даяр», - деп жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.

Пикир

Оставить комментарий