• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Казак-кыргыз сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын жогору баалайбыз – Аскар Мамин

Саясат 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. "Биздин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жогору баалайбыз", - деди Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин VIII кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгы боюнча билдирүү жасап жатып.

Ал белгилегендей, сүйлөшүү учурунда эки тараптуу алака боюнча пикир алышуу болгон.

"Соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. 2020-жылы соода жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүүнү көздөөдөбүз", - деди ал.

Ошондой эле ал, эки тарап инвестициялык кызматташууну арттырууну макулдашканын айтты.

"Биздин делегацияда кыргызстандык кесиптештери менен инвестициялык долбоорлорду кароого даяр бизнесмендердин тобу бар. Тараптардын суу-энергетикалык тармактагы негизги аспекттери боюнча позициялары жакындашты. Негизинен баадык көйгөйлүү маселелер чечилди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий