• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Казакстанда акыркы сутка ичинде 7 миң 778 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 7 миң 778 кишиден аныкталды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 1555, Алматы шаарында – 1680, Шымкент шаарында – 452, Акмоло облусунда – 272, Актөбе облусунда - 302, Алматы облусунда - 270, Атырау облусунда - 422, Чыгыш-Казакстан облусунда – 261, Жамбыл облусунда – 215, Батыш-Казакстан облусунда - 189, Караганда облусунда – 931, Костанай облусунда - 231, Кызылорда облусунда - 220, Мангистау облусунда - 230, Павлодар облусунда - 275, Түндүк-Казакстан облусунда - 152, Түркестан облусунда – 121 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 564 миң 885 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий