• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Казакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 22 тонна беде үрөнү артка кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдовар" постунда Казакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 22 тонна беде үрөнү аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагына ташып кирүүдө карантиндик-фитосанитардык талаптарды бузуу менен ташылып келе жаткан жүк Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан аныкталган.

Текшерүүдө фитосанитардык сертификатта камтылган маалыматтар транспорттук (ташуучу) документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиктен, фитосанитардык сертифкат жараксыз деп таанылып, жүк кайра артка кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий