• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ӨКМ башчысы Талас облусундагы кооптуу обьекттер менен жеринде таанышууда

Аймак 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө облустагы кооптуу делген обьекттер менен жеринде таанышууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылынын Чыгыш тарабындагы Тойкул көчөсүндөгү 45 турак жайды коргоо максатында Талас дарыясынын жээгине 650 метр дамба куруу маселеси менен жакындан таанышты.

Аталган обьектини курууга 17 млн 800 миң акча каражаты бөлүнгөн. Министр Аскаров Капиталдык курулуш департаментине тез арада курулуш иштерин баштап, жыл аягына чейин аяктоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий