• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өкмөттө Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү маселеси талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 5-июнда, Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жеңиш Разаков билдиргендей, жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында жазык статистикасынын функциялары Башкы прокуратуранын жүргүзүүсүнө берилген.

Кеңешменин жүрүшүндө Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү боюнча мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат угулду.

Анын ичинде ченемдик укуктук базаны бекитүүгө, Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин программалык камсыздоого, укук коргоо органдарын зарыл болгон жабдуулар менен жабдууга, корголгон байланыш каналдарын уюштурууга, адистерди даярдоого жана окутууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин программалык камсыздоонун бет ачары ушул айда болору күтүлүүдө. Андан соң долбоор Башкы прокуратуранын базасында апробациядан өтөт.

Үстүбүздөгү жылдын күзүндө өлкөбүздүн бардык укук коргоо органдарында Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин толук ишке киргизүү пландаштырылууда.

Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин киргизүү тергөө жүргүзүүнүн транспаренттүүлүгүн камсыздап, укук коргоо органдарынын коррупциогендик деңгээлин кыйла кыскартат.

Белгилей кетсек, Кылмыштарды каттоонун электрондук китеби Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүүнүн алгачкы кадамы болуп саналат. Аны түзүү зарылчылыгы Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процесстик кодексинин ченемдеринин 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кириши менен шартталат.

Өлкөнүн жаңы жазык мыйзамында кылмыш ишин козгоо институту алып ташталат жана сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүүдөн башталары маанилүү.

Көрсөтүлгөн ченем алды менен жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыздоого багытталат, анткени укук коргоо органдарынын аракеттери арыз катталган учурдан тарта Жазык-процесстик кодекстин талаптарын сактоо менен жүргүзүлүшү керек. Ал эми процесстин ар бир катышуучусу сотко чейинки өңдүрүштүн баскычтарында жактоочунун кызматтарын колдоно алат.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри үстүбүздөгү жылдын декабрында сынамык режимде ишке кирүүсү күтүлүүдө.

Кеңешменин жыйынытыгын чыгаруу менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков мамлекеттик органдарга техникалык инфраструктурага бирдиктүү талаптарды иштеп чыгууну аяктоону тапшырып, кыска мөөнөттүн ичинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө Жобону, ошондой эле аны киргизүү боюнча техникалык тапшырмаларды жана техникалык-экономикалык негиздемени бекитүү зарылдыгын көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий