• 86.79
  • 90.83
  • 0.84

Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында чечим кабыл алынды

Президент 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо органдарынын республикадагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматтары угулуп, Коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясынын жаңы долбоору каралды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Жыйынтыгында 2021-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиянын жаңы долбоорун жактыруу жана Кыргыз Республикасынын Президенти — Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Сооронбай Жээнбековго Коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясын тиешелүү Жарлык менен бекитүүгө сунуштоо чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий