• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт — кеңештин курамы

Президент 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү каралат.

Тактап айтканда, Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча олуттуу чаралар жөнүндө», 2018-жылдын 14-декабрындагы «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө», 2019-жылдын 30-январындагы «Кыргыз Республикасынын кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимдеринин аткарылышы каралат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштар каралат.

Талкуунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечими кабыл алынат.

Коопсуздук Кеңешинин курамы:

  1. Кыргыз Республикасынын Президенти — Кеңештин төрагасы;
  2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
  3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
  4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;
  5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы;
  6. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
  7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери;
  8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөлөрү эң көп сандагы оппозициялык фракциясынын лидери;
  9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коргонуу жана коопсуздук маселелерин алып баруучу комитетинин төрагасы;
  10. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  11. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
  12. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
  13. Кыргыз Республикасынын финансы министри;
  14. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
  15. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
  16. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
  17. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
  18. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий