Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев башында турган Кыргызстандын делегациясы Казакстандын Астана шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына катышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, министр Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө жыйындын катышуучуларына 2025-жылдын 1-январынан тартып ЖККУга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө кыскача маалымат берди.
Ошондой эле биргелешкен жыйында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына байланыштуу, Афганистандагы кырдаалга байланыштуу, ошондой эле ЖККУнун БУУнун Башкы ассамблеясында байкоочу статусун алгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу билдирүүлөрү кабыл алынды.
Мындан тышкары, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын жүрүшүндө мамлекет башчыларынын кароосуна киргизиле турган ЖККУга мүчө-мамлекеттердин саясий жана аскердик кызматташтыгын өнүктүрүү, уюмдун ишмердүүлүгүн финансылык, экономикалык жана укуктук камсыздоо боюнча чечимдердин долбоорлору жактырылды.
Пикир
Оставить комментарий