КР ИИМдин Ардагерлер кеңешине 63 жыл толду

Коом 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Бүгүн КР Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кеңеши өзүнүн түзүлгөнүнүн 63 жылдыгын белгилөөдө.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кеңештин түзүлүү тарыхы тууралуу маалымат таратты.

ИИМдин Ардагерлер кеңеши 1960-жылы түзүлгөн жана мындай органдардын арасындагы биринчи уюм болуп саналат. Кеңештин максаты СССРдин Ички иштер министрлигинин “Жаш кызматкерлерди тарбиялоодо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууда ички иштер органдарынын ардагерлеринин тажрыйбасын пайдаланууну жакшыртуу жөнүндө” №540 буйругун ишке ашыруу болгон. Кеңеш өз ишин бир нече багытта түзгөн: ички иштер органдарында жана ардагерлер арасында насаатчылык, идеологиялык-үгүттөө жана маданий иштерди уюштуруу.

Азыркы учурда республика боюнча Кыргызстандын ички иштер органдарынын 17 миңден ашуун ардагери бар. Бүгүнкү күндө КР ИИМдин Ардагерлер кеңешин ар бир ардагердин тагдырына кайдыгер карабаган милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев жетектейт.

63 жыл аралыгында Ардагерлер кеңеши миңдеген укук коргоо органдарынын ардагерлери үчүн ишенимдүү таяныч болуп, бир туугандык жана кесипкөйлүк рухун сактоодо негизги ролду ойноду. ИИМдин Ардагерлер кеңеши укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү менен байланышкан маданий салттарды жана тарыхый баалуулуктарды сактоого көмөктөшөт.

Милиция кызматкерлеринин жаңы муундарын тарбиялоодо, аларда патриоттук сезимди, жоопкерчиликти жана Ата-Мекендин алдындагы милдетти өстүрүү үчүн офицердик жан дүйнөсү, өз милдетин жана ар-намысын так түшүнгөн улгайган адамдардын чоң кесиптик жана турмуштук тажрыйбасы өтө зарыл.

Пикир

Оставить комментарий