• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 6-декабрда телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Касым-Жомарт Токаев жылуу баарлашууда Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана боордош кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле, сүйлөшүүдө 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий