• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда бир апта ичинде коронавирустун 65 учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда 17-23-октябрь аралыгында коронавирустун 65 учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 65 учурдун ичинен 14ү ооруканага жаткырылып, 51и үй шартында дарыланууда.

2022-жылы коронавирус менен жалпы 21 миң 651 адам ооруган.

Пикир

Оставить комментарий