• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 264 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 264 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 76 адамдан, Ош шаарында – 21, Чүй облусунда – 67, Ош облусунда – 14, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 14, Ысык-Көл облусунда – 44, Жалал-Абад облусунда – 20, Баткен облусунда 4 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 395 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 125, Ош шаарында – 22, Чүй облусунда – 114, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 40, Жалал-Абад облусунда – 28, Баткен облусунда 32 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 3 адам каза болгон: Ош облусунда – 1, Баткен облусунда – 2 киши.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 773 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 649 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 8 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 11, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 65 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 817 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 78 миң 679 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 72 миң 51 киши айыгып чыкса, 1 миң 324 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий