• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда COVID-19га каршы массалык эмдөө башталды

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19га каршы массалык эмдөө башталды.

№6 үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Асел Теңизбаеванын айтымында, элдер вакцина алууга жигердүү келип жатышат. “Биз эмдөөнү 29-мартта Синофарм менен баштаганбыз, эми Спутник-V вакцинасын дагы алдык. Биринчи кезекте 65 жаштан жогорку кары-картаңдар жана өнөкөт оорусу барлар алышат”,-деди ал.

Ошондой эле, А.Теңизбаева эгер адам мурда COVID-19 менен ооруган болсо, анда эмдөө бейтапты дарылаган врачтын айтуусу менен жүргүзүлөт. “Эгер коштолгон оорулар болсо, анда эмдөөдөн өтүү туура болот. Албетте бул ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт жана ар бир адам үй-бүлөлүк дарыгери менен кеңешип анан чечим чыгарышы керек. Эмдөөдөн өткөндөр 3 күн аралыгында көзөмөлдө болот. Азырынча эмдөөнүн терс жактары каттала элек. Вакцина алуу үчүн алгач дарылоочу врачтын консультациясынан өтүү керек, андан кийин биз дагы ден соолугун текшеребиз, ошондон кийин гана эмдөөгө жөнөтүлөт. Эмдөө эки этап менен жүргүзүлөт”,-деди дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий