• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандагы бир катар маданий объекттердин корголуучу зонасы белгиленди – Жаманкулов

Коом 0

Бишкек, 22.07.19. /Кабар/. Чүй облусундагы Бурана, Ак-Бешим, Невакет жана Ош облусунун Араван районундагы Сасык-Үңкүр маданий объекттеринин корголуучу зонасы белгиленди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, бул иш туристтик потенциалды жакшыртуунун алкагында жасалган. Ал белгилегендей, маданий мурастардын жанында мейманкана жана тамактануу жайларын куруу үчүн корголуучу тилкесин аныктоо керек болчу.

"Кайсы бир маданий объекттердин бар же жоктугун аныктоо үчүн 80 жер тилкеде изилдөө иштери жүргүзүлдү",- деди ал.

Ошондой эле Жаманкулов мумия менен болгон окуядан кийин Мамлекеттик тарых музейинде экспонаттарды кантип чыгаруу жана аларды чыгарууга болуп-болбой тургандыгы тууралуу жобо иштелип чыкканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий