• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанды газдаштыруу планы 2030-жылга чейин 60% дейре жеткирилет

Экономика 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Кыргызстанды газдаштыруу планы 2030-жылга чейин 60%га дейре жеткирилет. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапарынын алкагындагы биргелешкен маалымат жыйынында билдирди.

Ал билдиргендей, 2030-жылга чейин Кыргызстанды газдаштыруу жана газ менен камсыз кылуу боюнча башкы планды ишке ашыруу иштери жүрүүдө.

"Белгиленген 100 млрд. рублдын 16 млрд. рублы россиялык концерн тарабынан инвестиция кылынды. Анын жыйынтыгы менен өлкөнүн газ менен камсыз болуусу 25тен 30%га көбөйгөн. Ал көрсөткүчтү 60%га чейин жеткирген план жүзөгө ашат деп ишенем", - деди Путин.

Ошондой эле ал белгилегендей, 2011-жылдан бери Россия Кыргызстанга бажы төлөмсүз мунай жана мунайзаттарын экспорттоп келет жана анын көлөмү жылына 1,1 млн. тоннадан ашат.

"Мындай жеңилдиги бар жеткирүүлөрдүн экономикалык натыйжасы дээрлик 2 млрд. долларга жетет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий