• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандык ажыларды Меккеге «Flaynas» авиакомпаниясы ташыйт. Билет баасы 1550 доллар

Коом 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Кыргызстандык ажыларды Меккеге «Flaynas» авиакомпаниясы ташыйт. Авиабилеттин баасы - 1550 АКШ доллары. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Муфтиятта 2019-жылдагы ажыларды ташуучу тараптар ортосунда сынак өтүп, ага Сауд Араб Падышачылыгынын жарандык «Flaynas» авиакомпаниясы гана катышты.

"Сынактын алкагында «Flaynas» авиакомпаниясы талаптарда көрсөтүлгөн тиешелүү документтерин сунуштап, эки тараптуу талкуунун жүргүзүшүндө тараптар кыргызстандык ажыларды ташуунун наркын 1550 АКШ доллар бойдон калтырышты", - деп кабарлашты муфтияттын басма сөз кызматынан.

«300 орунду Boeing 767–300 учагы алгач Сауд Араб Падышалыгынан Кыргызстанга бош учуп келип, 300 ажыны Мекке шаарына алып барат. Ажылык сапары бүткөндөн кийин Сауд Араб Падышалыгынан 300 ажыны Кыргызстанга алып келип, кайрадан бош учуп кетет. Бул түз чартердик рейс болгондуктан 4 рейстин 2 рейси бош учуп келүүгө туура келет. Ошондуктан бул коюлган баанын ичинде барып-келүү чыгымдары жана төлөмдөрдүн бардыгы кошо эсептелинген»,-деди «Flaynas» авиакомпаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Таалайбек Окенов.

Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарга барчууларды каттоого алуу бүгүн аяктады.

Кыргызстандык зыяратчылар үчүн 2019-жылга карата Сауд Аравиянын ажылык боюнча министрлиги 5485 орун бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий