Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар TASIMO Ташкент эл аралык математикалык олимпиадасында жалпы 7 медаль жеңип алышты.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен төртөө күмүш, үчөө коло медаль.
Күмүш медаль ээлери:
– Назар Киргизбаев жана Айдин Асанкадыров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучулары;
– Нурсултан Эшперов жана Сейит Рыскулов, "Газпром Кыргызстан" мектебинин 10-классынын окуучулары;
Коло медаль ээлери:
– Нурдөөлөт Капаров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучусу;
– Тимур Акенеев, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 9-классынын окуучусу;
– Султан Мусаходжаев, №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу.
Олимпиадага кыргызстандык окуучуларды математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.
17-20-майда TASIMO Ташкент эл аралык I математикалык олимпиадасына 10 өлкөдөн 300дөн ашуун окуучу катышты.
Пикир
Оставить комментарий