Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 20 тонна уйдун майы артка кайтарылды

Коом 0


Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 20 тонна уйдун майы артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ташып келүү фактысы Ветеринардык кызматтын "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан аныкталган.

Тактап айтканда, Казакстандан келе жаткан жүк ташууда унаада ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарына туура келбеген жүк аныкталып, инспекторлор тарабынан артка кайтаруу актысы түзүлдү. Ошентип, жүк "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Казакстанга артка кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий