Чек ара жаңжалы. Лейлекте тургундардын 70-80 пайызы үйлөрүнөн өз алдынча чыгып кеткен

Кырсык 0


Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Баткен шаарында жарандарды убактылуу жайгаштыруу пункттары ачылып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызмматы билдирди.

Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга (туугандарыныкына) барууда. Саат 10:30га карата Лейлек районундагы Жаңы-Жер, Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын тургундарынын 70-80 пайызы үйлөрүнөн өз алдынча чыгып кетишкен.

Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде министрликтин кызматкерлери жана техникалары тартылып, жарандарга тийиштүү жардамдар көрсөтүүлүдө. Ошондой эле министрликтен жардамга кошумча күч катары өздүк курам жана техникалар жөнөтүлүүдө.

Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарынан жарандар Рават айылына эвакуацияланды.

Белгилей кетсек, буга чейин Чек ара кызматы тараптардын жолугушуусу үчүн ок атпоо келишими түзүлгөнүн, бирок тажик тарап аны аткарбай жатканын билдирген.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жалпы тогуз адам жабыркады: алты аскер кызматкери жана үч жай тургун (бирөө 11 жаштагы өспүрүм).

Пикир

Оставить комментарий