• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ленин райондук акимчилигинде иш кагаздарын мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүү боюнча семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Ленин райондук муниципалдык администрациясынын жыйындар залында иш кагаздарын мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүү боюнча окуу семинары өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Окуу семинарда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазуунун орфографиялык эрежелеринин туура, так жазылышы айтылып, эрежелер боюнча слайд көрсөтүлүп, Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Ниязбекова тарабынан түшүндүрмөлөр берилди.

Окуу - семинарга Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев, башчынын биринчи орун басары Садык Мырзакматов, аппарат жетекчиси Салмурбек уулу Азат, Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Ниязбекова жана аппараттын, райондук кызматтардын, муниципалдык башкармалыктардын кызматкерлери катышты.

Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн эрежелери боюнча семинарларды уюштуруу улантылат.

Пикир

Оставить комментарий