• 87.86
  • 93.94
  • 1

Литва Кыргызстандан балык импорттогон негизги өлкө болуп калды

Экономика 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. 2022-жылы Кыргызстандын балык экспорту 1,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу КР Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, негизги көлөмдү — 1,27 миң тоннаны 773,5 миң долларга Литва сатып алган. Бул былтыркы экспорттук көрсөткүчтөн 1,3 эсеге көп. Сербия дагы 49,1 миң долларга 100 тонна импорттоду.

Жалпысынан көрсөтүлгөн мезгилде Кыргызстан 1170,8 тонна балык филесин жана фарш сатты. Калган көлөм Казакстан менен Россияга экспорттолгон.

Пикир

Оставить комментарий