• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов "Тайтору" спектаклинин премьерасына катышты

Коом 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов "Тайтору" спектаклинин премьерасына катышты.

Спектакль президенттин улуттук идеологияны бекемдөөгө багытталган жарлыктарын ишке ашыруу максатында көрсөтүлдү.

Иш-чарада сөз сүйлөп, Сүйүнбек Касмамбетов чыгармачыл курамдын жогорку чеберчилиги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, улуттук баалуулуктарды сактоонун жана жайылтуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Аталган спектаклди Кыргыз улуттук "Манас" театры койгон, көрүүчүлөр тарабынан абдан жакшы кабыл алынды, алар теманын актуалдуулугун жана маданий мурастарды өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий