Манас Самидинов «Манас» аэропортунун башкы директору болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 07.07.22./Кабар/. Манас Самидинов «Манас» аэропортунун башкы директору болуп дайындалды.

Аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жаңы жетекчини Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Медер Машиев эмгек жамаатына тааныштырган.

«Бүгүн «Манас» аэропортунун директорлор кеңешинин отурумунда мекеменин башкы директору Бакыт Шаршеевди кызматтан алуу жана анын ордуна Манас Самидиновду дайындоо чечими кабыл алынды», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий