• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Муктар Жумалиев Кыргызстандын ЕБ жана ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү, КРнын Франциядагы элчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жумалиев Муктар Кабылбекович Брюссель шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги туруктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Нидерланддар Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) жана Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдагы (ХКТУ) Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Пикир

Оставить комментарий