• 86.8
  • 91.06
  • 0.83

Нарында Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Нарын облустук прокуратурасы тарабынан уюштурулган.

Майрамдык иш-чарада Кыргыз прокуратурасынын бир кылымдык тарыхый жолундагы урунттуу окуяларга баа берилип, ушул жылдарда мыйзамдуулуктун сакталышына салымын кошкон инсандардын эмгектери эскерилди. Прокуратура кызматынын ардагерлерине жана алдыңкы кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.

Прокуратура кызматкерлерин мааракеси менен куттуктаган президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов Нарын облустук прокуратурасынын даңктуу тарыхый жолуна токтолуп, бүгүн да прокуратура кызматынын алдында абдан чоң милдеттер турганын белгиледи.

Өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге “Ормон Хан” төш белгилери жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий