• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Орозалиев: Бүгүндөн баштап электрондук уруксат берүү системасы иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Бүгүндөн баштап электрондук уруксат берүү системасы иштей баштады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

"Бүгүндөн баштап электрондук уруксат берүү системасы иштей баштады. Электрондук арызды 1312.tunduk.kg сайтына кирип, калтырууга болот. Арыз 24 саат ичинде каралат", - деди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетет. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий