• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош облустук кан борбору генератор менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. “Кумтөр Голд Компани” ААК Ош облустук кан борборуна кубаттуулугу 100 кВт болгон жаңы дизелдик генератор сатып берди. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын калкын тейлейт.

Ош облустук кан борбору өз алдынча саламаттык сактоо уюму катары 2002-жылдын февраль айынан бери иштеп келет. Аталган борбордо жыл сайын 4 тоннадай донордук кан даярдалат. Албетте, ал жактагы кан жана анын компоненттерин коопсуз сактоо маселесине дагы өзгөчө көңүл буруу керек эле.

Ушуга байланыштуу электр жарыгы узак убакытка өчүп калган маалда (6-8 саат), кан жана анын компоненттери сакталган төмөнкү температурадагы камералык түзүлүштөрдүн блокторун үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн кубаттуу генераторду сатып алуу муктаждыгы пайда болгон.

Пикир

Оставить комментарий