Ош шаарында үй тибиндеги 12 бала бакча иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарындагы Набережная көчөсү №13 дарегинде үй тибиндеги бала бакча ачылды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

маалыматка ылайык, ушуну менен Ош шаарында үй тибиндеги 12 бала бакча иштеп жатат.

"Учурда бала бакчалардын жетишсиздигин чечүү жана "Өкмөттүк акселераторлор" программасын ишке ашыруу максатында мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу боюнча иштер уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аймакта үй тибиндеги бала бакчалардын жеңилдетилген шартта ачуу боюнча эл арасында калкка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн атайын жумушчу топ иш алып барууда. Анын негизинде бүгүнкү күнгө карата бул багытта 30дан ашуун арыздар келип түшкөн.

Быйылкы жылы дагы кошумча 20 үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу максатталган.

Жалпысынан бул программанын алкагында бала бакчаларда 200гө жакын балага орун түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий