• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

“Ош-Тазалыктын” кызматкерлери Өзгөндө жер көчкүдөн жабыркагандарга бир күндүк маяналарын которушту

Аймак 0

Ош, 07.09.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. “Ош-Тазалык” МИнын кызматкерлери Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылынын жер көчкүдөн жабыркаган тургундарына бир күндүк айлык акыларын которушту. Бул тууралуу “Ош-Тазалык” ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомстванын маалыматына ылайык, “Ош-Тазалык” МИнын жетекчиси Талант Капаров, 6-сентябрда Кызыл-Октябрь округундагы Ынтымак айылында курулуп жаткан жаңы үйлөрдү көрүп, 127 миң 474 сом берип кайтты.

Т.Капаров өз сөзүндө, ишкананын кызматкерлери четте калбай, жабыркаган мекендештерине көмөк көрсөтүүнү чечишкендигин айтты.

Акча каражаты Кызыл-Октябрь айыл аймак башчысы Эржигит Пасановго тапшырылды. Өз кезегинде Пасанов акча каражатын туура багытта жумшай тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий