• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто кырсыктардын тобокелин азайтууга арналган салтанаттуу иш-чара башталды

Аймак 0

Бишкек, 02.20.18. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтында “5-октябрь–Кыргыз Республикасындагы кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө” арналган иш-чара башталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардан коргонуунун жүрүм-турум эрежелерин калк арасында кеңири жайылтуу, кырсыктардын тобокелин азайтуу, коомчулукка өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепетин жоюу багытындагы иш-аракеттерди кеңири жайылтуу болуп саналат.

"Иш-чарага КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов, Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Осмонов, КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын өздүк курамы, шаардык Жарандык коргонуу кызматтары, жогорку окуу жайлардын студенттери жана жергиликтүү тургундар катышууда", - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Иш-чара “Кырсыктардын тобокелин азайтуу” жөнүндөгү төкмө акындын санат ыры менен коштолуп, аскер кызматкерлеринин салтанаттуу жүрүшү болуп, КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын жана Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын атайын техникаларынын жана жогорку окуу жайлардын студенттеринин жана мектеп окуучуларынын көргөзмө материалдары менен коштолду.

Чогулган элге КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Ош шаардык Жарандык коргонуу кызматынын медицина кызматы менен биргеликте жер титирөөдөн жабыркаган имаратта жабырлануучуларды эвакуациялоо жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү иш жүзүндө көрсөтүп беришти.

Андан кийин өрт өчүрүүчүлөрдүн өрт чыккан учурда өрттү өчүрүү жана жогорку басымдагы аппарат менен жабырлануучуларды куткарууну практикалык түрдө көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий