• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Оштун мэри Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын жаңы епископу менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын жаңы епископу Савватий Бронницкийди кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алмаз Мамбетов епископту кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстандын көп улуттуу элинин арасында конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоого дин кызматкерлеринин кошкон маанилүү салымын белгиледи.

Жолугушууда конфессиялар аралык жана этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу, ошондой эле калктын тарыхый, маданий баалуулуктарын, салттарын сактоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ош шаарында казыят жана Орус православ чиркөөсүнүн жетекчилиги менен биргеликте Айт, Курман айт жана Рождество сыяктуу маанилүү диний майрамдарды өткөрүүнүн тартиби так иштелип чыккан. Бул иш-чаралар жалпы коомчулуктун катышуусунда өтүп, ар кыл улуттардын жакындашуусу жана достугу үчүн чоң мааниге ээ.

Пикир

Оставить комментарий