• 87
  • 89.63
  • 0.85

"Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы" аталышындагы окуу китеби жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 06.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. "Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы" аталышындагы окуу китеби жарык көрдү.

Жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окуу куралынын бет ачар аземи Касымалы Баялинов атындагы балдар китепканасында өттү. Китепти тарых илимдеринин доктору, профессор Алмазбек Бейшеналиев менен педагогика илимдеринин доктору, профессор Салидин Калдыбаев биргелешип жазган.

Жыйында авторлор китептин мазмуну, камтылган идеялары, дүйнөлүк алкакта таалим-тарбиялоонун жана педагогикалык ойлордун пайда болушунан баштап учурдагы абалына чейинки мезгилди камтыган маалыматтарды беришти.

Авторлордун бири Алмазбек Бейшеналиев китеп Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгына арналгандыгын белгилеп, эмгек төрт жыл ичинде жазылып бүткөндүгүн айтты.

"Кыргыз тилиндеги китеп миң нускада басып чыгарылды. Суроо-талап жогоруласа дагы көбөйтүп чыгарууга даярбыз. Окуу куралы өлкөдөгү негизги республикалык китепканаларга таратылат жана ЖОЖдорго берилет. Китептин экинчи бет ачарын Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өткөрүүнү пландап жатабыз. Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы курсун окуп-үйрөнүү педагог адистерди даярдоо системасында маанилүү ролду ээлейт. Анткени бул курс болочок мугалимдин педагогдук аң-сезимин кеңейтет, анын кесиптик-инсандык позициясынын калыптанышына жардам берет. Бул курсту окуп-үйрөнүү студентке педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн калыптанышын бир бүтүн система катары кароого, анын дүйнөдөгү жалпы маданият процесси менен карым-катышын билүүгө, азыркы билим берүүдө педагогикалык мурастардын ролун жакшы түшүнүүгө мүмкүндүк түзөт", - деди Алмазбек Бейшеналиев.

Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын жетекчилери, педагогика кафедрасынын окутуучулары катышты. Анда Надира Жусупбекова китептин жарыкка чыгышы педагогикага, билим берүү системасына чоң салым кошо турганын билдирип, педагогдорду даярдоодо пайдалуу ыкмаларды киргизет деген үмүттө экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий