• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык компаниялар Доха шаарындагы AGRITEQ-2022 эл аралык көргөзмөсүнө катышууда

Коом 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук павильону ушул күндөрү Катардын Доха шаарында өтүп жаткан AGRITEQ-2022 эл аралык көргөзмөсүндө ишин баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын Катардагы элчилигинин уюштуруучулук колдоосу жана Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин коштоосу менен кыргыз компаниялары Катарга тамак-аш өнөр жай жана айыл чарба продукцияларын алып келишти.

Көргөзмөнүн ачылышында кыргыз павильонун Катар мамлекетинин муниципалитеттер жана курчап турган чөйрөнү коргоо министри Абдулла бин Абдулазиз бин Турки Аль-Субае, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары, ошондой эле мамлекеттик жана жеке сектордун өкүлдөрү келип көрүп кетишти. Көргөзмөнүн жүрүшүндө кыргыз компанияларынын Катардын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулары пландаштырылган.

AGRITEQ эл аралык көргөзмөсү жыл сайын өткөрүлүп, айыл чарба жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы заманбап жетишкендиктер жана технологиялар менен таанышуу үчүн мыкты аянтча болуп саналат. Ошондой эле көргөзмөнүн алкагында айыл чарба тармагындагы инновациялар, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча ар кандай конференциялар, презентациялар жана потенциалдуу өнөктөштөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий