• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Премьер-министр мамлекеттик башкаруу тутумун өркүндөтүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйыны учурунда мамлекеттик башкаруу тутумун өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Өкмөт башчынын айтымында, 2018-жылы ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анда аткаруу бийлигинин органдарынын штаттык структурасы каралган.

«Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарда бирин-бири кайталаган функциялар жоюлуп, бириктирилди; 1,5 миң штаттык бирдик оптималдаштырылды. Ошондой эле Өкмөткө жүктөлүп калган, ведомстволордун өзү гана аткара турган функциялар өздөрүнө кайтарылып берилди. Бул иштер – мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүп, чечимдерди кабыл алуу процедураларын жөнөкөйлөштүрүп, ишти тездетүүдө; ошондой эле 85,3 млн сом үнөмдөлдү. Булар менен бирге элибизге көрсөтүлүүчү мамлекеттик акысыз кызматтардын санын көбөйтүү, аларды электронных форматка өткөрүү иштери активдүү жүрдү. Мисалы, 14 муниципалдык кызмат элге акысыз көрсөтүлө баштады», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында административдик-аймактык реформаны этап-этабы менен жүргүзүүнүн «жол картасы» бекитилди.

Биринчи этапта стратегиялык документтерге талдоо жүргүзүлөт, 2-этапта ченемдик-укуктук актылар иштелип чыгат, 3-этапта административдик-территориалдык реформанын модели ишке ашырылмакчы.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт тарабынан акимдерге ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча натыйжалуу шарттарды түзүүгө багытталган мыйзам долбоорлору демилгеленген.

Бул багытта өлкө Өкмөтү акимдердин натыйжалуу ишине шарттарды түзүү, алардын жоопкерчилигин күчөтүү жана райондук администрация башчыларынын ишмердигин баалоо тутумун киргизүү үчүн парламент менен бирдикте конструктивдүү иш алып барууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий