• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-августта КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарында “Технопарк” оюн-зоок борборунда орун алган КР жараны менен аталган мекеменин кызматкери, орус улутундагы КР жаранынын ортосунда болгон окуяны талкуулашты.

Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун башчысы КР Тышкы иштер министрлиги бул сыяктуу бардык окуяларга кылдат байкоо салып, ыкчам чара көрө тургандыгын маалымдады.

КР Ички иштер министрлигинин ыкчам маалыматы боюнча, 2021-жылдын 2-августунда Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнө КР жараны аны “Технопарк” борборунун имаратында оозеки жаңжал учурунда мас абалындагы белгисиз адам уят сөздөрдү колдонуп, калькулятор менен башына ургандыгы үчүн чара көрүү өтүнүчү менен кат түрүндө кайрылган. Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалымат тутумуна 2021-жылдын 2-августунда КР Жазык-процессуалдык кодексинин "Майда бейбаштык” 119-беренеси боюнча №03-055-2021-007113 менен катталган. Көрсөтмөлөрдөгү карама-каршылыктарды жоюу үчүн жана ден соолугуна келтирилген оордукту аныктоо үчүн КР жаранына (арыз ээсине) карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда бардык тийиштүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бейбаштык кылган жаранга расмий "терисинин түсүнө, расасына, этникалык жана расалык, улуттук жана диний жек көрүүчүлүккө же кастыкка карата дискредитациялоо 10 жылга чейин эркинен ажыратууга алып келген кылмыш болуп саналгандыгын" эскертти.

Министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасы көп улуттуу мамлекет экенин жана КР Конституциясына ылайык эч кимди жынысына, расасына, тилине, улутуна, динине, жашына, саясий же башка ишенимдерине карап басмырлоого болбойт деп баса белгиледи.

Бул багытта ички улутчулдуктун айрым учурлары орус бийлиги тарабынан Кыргызстандагы этникалык орустардын укуктарын жана кызыкчылыктарын системалуу түрдө бузуу жана жарандарды этникалык жана диний негизде кысымга алуу катары көрсөтүлбөшү керектиги белгиленди.

Бул жагынан алганда, Р.Казакбаев Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн айрым орус саясатчыларынын көңүлүн мындай көйгөйлөр боюнча кескин билдирүүлөрдүн жана аларды эки өлкөнү байланыштырган тарыхый достук мамилелерге шынаа кагууга аракет кылган айрым провокациялык элементтердин көңүлүн алууга тырышып, коомдук мейкиндикке алып чыгууга чакыруу кабыл алынгыс экендигине бурууну суранды.

КР Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргызстанда русофобия жана агрессивдүү улутчулдуктун башка түрлөрү, тарыхты кайра жазуу, эстеликтер жана орус тили менен күрөшүү фактылары жок экенин баса белгиледи. Ал постсоветтик мейкиндикте Беларусь Республикасы менен катары Кыргызстанда гана орус тили расмий тил экенин баса белгиледи. Кыргызстанда орус тили медиа тармагында, билим берүү, саламаттык сактоо, маданий жаатында жана жашоонун бардык чөйрөлөрүндө көрсөтүлгөн. Ал биздин өлкөдө туруктуу жашаган орус тилдүү калктын руханий жана социалдык муктаждыктарын толук канааттандыруусу үчүн орус тилинин макамын коргоо курсу улантыларына ишендирди.

Тараптар көйгөйдүн андан ары курчушуна жол бербөө үчүн конструктивдүү түрдө биргелешкен иш-аракеттерди көрүүнүн жана союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда артыкчылыктуу мүнөзгө ээ болгон кыргыз-россия мамилелериндеги терс кесепеттерди болтурбоонун зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий