• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Шри-Ланкадагы ташкында 151 адам курман болду

Дүйнө 0

Бишкек, 29-май /Кабар/. Шри-Ланкадагы суу ташкындакурман болгондордун саны 151 адамга жетти. 111 адам дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу жекшембиде өлкөнүн өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу борбору билдирди.

Буга чейин, 146 адамдын курман болуп, 112си дайынсыз жоголгондугу маалымдалган. Белгиленгендей, 500 миңге жакын адам кырсыкка байланыштуу үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушкан.

Шри-Ланка БУУ жана Түштүк Азия өлкөлөрүнө кырсыктын кесепеттерин жоюуда жардам сурап кайрылды.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий