Бишкек, 12.04.18. /Кабар/. “Сосновка” жана “Арал” посттору бүгүн, таңкы саат 6:00дө каттам үчүн толугу менен ачылды,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө кечээ, 11-апрелде саат 19:00дөн кийин киргизилген.
“Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында чектөөлөр киргизилген”,-деп кабарлашты ӨКМдин басма сөз кызматынан.
Пикир
Оставить комментарий